02.07.2018 14:48

Бишкек шаардык мэриясынын чалуулар борборуна бир аптада 896 даттануу жана кайрылуу келип түшкөн

Бишкек шаардык мэриясынын чалуулар борборуна бир аптада 896 даттануу жана кайрылуу келип түшкөн

Бишкек шаардык мэриясынын колл- борборуна бир аптада 896 даттануу жана кайрылуу келип түшкөн. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Быйылкы жылдын 22-28 июнь күндөрү  шаардык муниципалитеттин колл-борборуна шаар тургундарынан 896 арыз жана кайрылуу түшүп, алардын ичинен 236 кайрылуу катталган.

«Шаар тургундарынын катталган даттануу жана кайрылууларынын 154ү аткарылды», -деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Ошондой эле, кандайдыр бир көйгөйүңүз болсо, 185 жана 1840 номерлерине күн-түн дебей чалып, же 0554-182-185 номерине сүрөткө тартып жөнөтүүгө болоорун эскертет.