21.06.2018 10:01

Бишкек шаардык соту Айбек Калиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карайт

Бишкек шаардык соту Айбек Калиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карайт

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 21-июнда саат 14:00дө «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы директору Айбек Калиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат.  Бул тууралуу  Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкармалыгынын мурунку төрагасы ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында ачыкталган коррупция иштерине катыштыгы бар деп айыпталууда.

Биринчи Май райондук соту Калиевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган.