29.08.2019 12:20

Бишкек шаардык соту бүгүн «Апрель» телеканалы боюнча доо арызды карайт

Бишкек шаардык соту бүгүн «Апрель» телеканалы боюнча доо арызды карайт

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалы боюнча Биринчи Май райсотунун чечимине каршы берилген доо арызды карайт.  

Отурум саат 16:00гө белгиленген. Телеканалдын кызыкчылыгын коргой турган жактоочу - Ахмат Алагушев.

Белгилей кетсек, 15-августта Биринчи Май райондук соту телеканалдын жактоочуларынын  «Апрелдин» кеңсесин камакка алуу чечимин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчүн карап чыгып, канааттандырган эмес.

9-августта тергөөчү атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын кеңсесине кирип, каналдын бардык кызматкерлеринин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган.  Күч түзүм органдарынын өздүгүн жана кызмат абалын тастыктаган документтер, ошондой эле тергөөчүнүн талабынын мыйзамдуу экенин далилдеген кагаздар көрсөтүлгөн эмес. Тергөөчү оозеки түрдө гана «Медиа Форум» ААК имараты камакка алынганын жана имаратка мөөр басып кетишерин айткан. 

Бирок юристтердин айтымында, камакка  «Медиа Форум» ААК гана алынган, «Апрель-ТВ» ЖЧКсы ал жерде болгону кеңсе аянтын гана колдонуп келет. 

«Апрель» телеканалынын доо арызында ИИМ тергөөчүлөрү КР Баш мыйзамынын эки беренесин бузганы айтылат, алар: «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу», «Ишкерлердин укугун коргоо тууралуу» , ошондой эле «Жоруктар тууралуу» кодекс.