26.12.2019 12:02

Бишкек шаардык соту камактагы Равшан Жээнбековду бошоткон жок

Бишкек шаардык соту камактагы Равшан Жээнбековду бошоткон жок

Бүгүн, 26-декбарда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын кайра кароо боюнча арыз каралды. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты билдирди.

Отурумдун акырында судья биринчи инстанциянын чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

Укук коргоочунун баамында Жээнбековду камакка алуу боюнча соттун чечими мыйзамсыз жана негизсиз.

«7-8-августтардагы Кой-Таш окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда Равшан Жээнбековдун айткандарын бурмалашып салышы мүмкүндүгүн саясатчы божомолдоду. Мындан сырткары ал аталган комиссия саясий буйрукту аткарды деп эсептейт», - деп билдирет Жоошев.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынган. Ал кишилерди барымтага алуу жана башаламандык уюштурууга шектелип жатат. Биринчи май райондук соту аны 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алган.