Бишкек шаары боюнча комендант: Дезинфекциялоо максатында калаадагы көчөлөр кезеги менен жабылып турат

Бишкек шаары боюнча комендант: Дезинфекциялоо максатында калаадагы көчөлөр кезеги менен жабылып турат

Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарында коронавируска каршы дезинфекция жүргүзүш үчүн карантин зоналары түзүлдү. Бул тууралуу шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, бул максатта Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия, Жибек Жолу, Осмонкул, Салиева, Курманжан датка, 7-Апрель көчөлөрүнө тосмо коюлду.

“Бул зонага мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, күч түзүмдөрүнүн, банк системасынын кызматкерлери жана азык-түлүк, дары-дармек менен камсыздоочу жумушчулар гана күбөлүгүн көрсөтсө кире алат”, - дейт Алмазбек Орозалиев.

Коменданттын айтымында, жогоруда аталган көчөлөр менен чектелген аймакта дезинфекция иштери аяктагандан кийин чектөө башка көчөлөргө да коюлат.

26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.