18.07.2018 16:58

Бишкек шаары кайрадан мэр тандайт

Акыркы 28 жылдын ичинде баш калаабызда 13 мэр алмашты. Учурда акыркысы Албек Ибраимовдун абалы арсар турат. Өткөн жумада ага шаардык кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөттү. Эми чечүүчү чекитти өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коет. Ошентсе дагы, акыркы кадр саясатына таянсак, Албек Ибраимов ордун сактай алат деп ишенгендер аз. Дегеле Кыргызстандын жүзү болгон Бишкекти өнүктүрүү үчүн жанын сабап иштеген мэр болдубу, же баарыле колдун учу менен башкарып, таттуу убадаларга тойгузгандарбы? April.kg акыркы үч калаа башчынын ишмердүүлүгүн салыштырып көрдү.