21.01.2019 11:09

Бишкек шаарында түндө эки унаанын кагышуусунан 33 жаштагы аял каза тапты

Бишкек шаарында түндө эки унаанын кагышуусунан 33 жаштагы аял каза тапты

Бишкек шаарында түндө эки унаанын кагышуусунан 33 жаштагы аял каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-апрель жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 21-январга караган түнү болуп өткөн.

Mercedes-Benz жана Toyota Avensis  үлгүлөрүндөгү унаалардын кагышуусунан Toyota Avensis  унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял киши каза болгон, айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д жабыркаган эмес.

Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э жабыркашкан.

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарга  «Тез жардам» чакырылган. 

View this post on Instagram

20 нан 21-январга караган түнү Анкара (Горького) көчөсүндө Дасмия ресторанын алдындаболжол менен саат 01.00 чамасында катталган жол кырсыгынын күбөлөрү изделүүдө. Эгерде кимде мерседес w210 жана тойота авенсис унааларынын жол кырсыгынын тасмасы болсо же көргөндөр болсо 0555 981277 номуруна вотсапп аркылуу кайрылууну өтүнөбүз! Бул жол кырсыгында күбөлөрдүн айтымында тартип сакчы күнөөкөр.

A post shared by Aziyat Jeksheev_tv-kaiguul (@aziyat) on