30.04.2020 14:59

Бишкек шаарындагы блокпосттор качан алынаары айтылды

Бишкек шаарындагы блокпосттор качан алынаары айтылды

Бүгүн түнү Бишкек ичиндеги блокпосттор алынат. Бул туурасында Жогорку Кеңештеги жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында,  жөө патрулдар жана жөнөкөй тосмолор гана калат.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, эртең 1-майдан тартып такси кызматы иштей баштайт. Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн 120 миң кызматкерлери жумушка чыгаары күтүлүүдө.

“Өткөрмө кагаздарын бүт такси кызматкерлери алышат, электрондук уруксат кагазын карап чыгууга бир мүнөттөй гана убакыт кетет. Биз пропусктарды таксисттердин так санды билүү үчүн берип жатабыз. Бизге саны керек”-деди Орозалиев.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө илдетке 746 адам кабылган. Алардын ичинен 462 адам сакайып чыкты. Сегиз адам акка моюн сунду.  

23-марттан тартып 10-майга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө болот.