23.04.2018 09:30

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 3 күн жаратылыш газы жок болот

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 3 күн жаратылыш газы жок болот

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 23-24 апрель күндөрү Ош жана Бишкек шаарларында көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөөрүн кабарлайт.

— 23- апрелде саат  9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын Курманжан  Датка көчөсүндө жана  Черемушка кичи районунда;

— 24-апрелден 27-апрелге чейин Бишкек шаарынын Аламедин-1 кичирайонунда, Энергетиктер шаарчасында, Курулушчулар шаарчасында, Загорская, Садовая, Токмок көчөлөрүндө, Кузнечный тар көчөсүндө, Жеңиш проспектисинде жаратылыш газы жок болот.

Бул өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.