09.07.2018 11:45

Бишкек шаарынын вице-мэри Ринат Макеновдун баш коргоо чарасы аныкталды

Бишкек шаарынын вице-мэри Ринат Макеновдун баш коргоо чарасы аныкталды

Бишкек шаарынын вице-мэри Ринат Макеновдун баш коргоо чарасы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти. 

2018-жылдын 8-июлунда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаардык мэриянын вице-мэри Макеновго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган коррупция фактысы менен айып тагылды. 

Биринчи май райсоту вице-мэрди тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө абагында камакта кармоо чечимин чыгарды.

Ринат Макеновго «мэриянын кызматтагы башка адамдары менен келишип алып, КР жер боюнча мыйзамдарын бузуп,  Бишкектин Түштүк аймагынан 3,5 гектар жерди  жеке жактарга колдонууга берип койгон» деген айып тагылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.