19.06.2018 10:33

Бишкек шаарынын жарандарынын үйүнө ууруга кирип жүргөн куралдуу топ кармалды

Бишкек шаарынын жарандарынын үйүнө ууруга кирип жүргөн куралдуу топ кармалды

Бишкек шаарынын жарандарынын үйүнө ууруга кирип жүргөн куралдуу топ кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Калаада ири тоноо иштерин жүргүзгөн куралданган кылмыштуу топту ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам тобу  колго түшүрүп, зыянсыздандырды. 

Алардын бири 28 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Щ.А.  2011-жылы 164-берене (уурулук) менен соттолуп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Экинчиси 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ч.Н. мурда 97-берене менен (киши өлтүрүү) соттолгон.

Колго түшүрүү учурунда шектүүлөрдүн биринен курал табылды. Жеке буюмдарын тинтүү учурунда рюкзактан газо-травматикалык тапанча октору менен, ошондой эле мык суургуч менен бурагыч (отвертка) чыкты.

Кийинки текшерүү маалында тапанча былтыр күздө Бишкектеги үйлөрдүн биринен уурдалган тапанча экени аныкталды. 

2017-жылы ноябрда уурулар шаар тургунунун үйүнө ууруга кирип, сейфин ачып, ал жактан 2 стволдуу «ТОЗ-34» куралын жана 120 миң сом акча жана алтын жасалгаларын уурдап кетишкен. Жалпы чыгым 240 миң сомду түзгөн.  

Аталган факт боюнча Ленин РИИБ тарабынан 164-берене менен (уурулук) кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдардын жашаган жерин тинтүү маалында кошумча курал-жарак, ок-дарылар алынды. Учурда алардын башка уурулук иштерине тиешеси бары-жогу текшерилүүдө. Териштирүү иштери  уланууда.