22.05.2018 09:56

Бишкек тургундарын карактоого камданып жаткандар кармалды

Бишкек тургундарын карактоого камданып жаткандар кармалды

Калаа милициясы Бишкек шаарында үйлөрдү карактоого даярданып жаткан топтун аракетине бөгөт койду.  Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 20-майында Октябрь РИИБ кызматкерлери жүргүзүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда «Тойота Карина» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Унааны текшере келгенде, ичинде отурган 4 жигиттин биринде такталбаган үлгүдөгү курал бар экени аныкталган.   

Жарандардын өздүгүн тактоо үчүн бардык кармалгандарды райондук бөлүмгө жеткиришкен. Жекече текшерүү учурунда алардан: кол каптар, бет кап, уюлдук телефон, зымдар табылган.

Кармалган адамдар уюшуп алып, акча каражаттарына ээ болуу максатында талоончулук кылууга камданып жатышканын моюнга алышты.

Бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБ тарабынан 27-168-берене менен кылмыш иши козголду. 
Кармалгандын улуусу 31, эң кичүүсү 24 жашта.