19.07.2019 15:16

Бишкек ЖЭБ директору: биздин кызматкерлерибиз жаңыланган ЖЭБ бөлүгүн иштетүүнү билишпейт

Бишкек ЖЭБ директору: биздин кызматкерлерибиз жаңыланган ЖЭБ бөлүгүн иштетүүнү билишпейт

Бишкек ЖЭБине тиешелүү соттук процессте 90 күбөнүн ичинен 20сы суралып буттү. Ызы-чуунун айланасында териштирүүлөрдүн аягы көрүнбөй турган учурда Жылуулук электр борборун жаңы каатчылык каптаганы турат.

Мекеменин директору Андрей Воропаев сотто сурак берип, бир топ жаңы жагдайларды ачыктады. Анын айтымында, ЖЭБ жамааты жаңыланган техника менен иштөөнү билишпейт экен. Кытай кызматкерлери күнөө Улуттук Энергохолдингде деп жатышат.

Чет өлкөлүк адистердин макулдашууда көрсөтүлгөн эмгек мөөнөтү жакында аяктап, өз өлкөсүнө кетип калышса, Бишкек ЖЭБин ким иштетет?