02.10.2018 08:30

Бишкек ЖЭБинде суу тазалоочу химцехтин курулушу аяктады

Бишкек ЖЭБинде суу тазалоочу химцехтин курулушу аяктады

Бишкек ЖЭБинде кечээ,1-октябрда жаңы химцехтин курулушу аяктады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымат кызматынан билдиришти.

«Жаңы цехти ишке киргизүү менен ишенимдүүлүк жогорулап, тазаланган сууну өндүрүү чыгымдары азайды. Ишке жалпысынан 70тен 100гө чейин жумушчу-адистер тартылды. Химцехтин жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. Жаңы жабдуулардан чыккан таштандылар экологиялык нормаларга жооп берет, жабдуу автоматтык түрдө иштейт, бул өз кезегинде Бишкек ЖЭБинин жабдууларын эксплуатациялоону жеңилдетет», -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, курулушка кеткен чыгым  4,5 миллион долларды түзгөнү кабарланат. Долбоорду ишке ашырган ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү бир жыл бою ЖЭБдеги адистерди окутуп, иштешет.