24.04.2019 17:28

Бишкекке 60 жаңы газмотор автобустар келди

Бишкекке 60 жаңы газмотор автобустар келди

Бишкек мэриясы 300 миллион сомго 60 коомдук транспорт алды. Калаа жетекчиси Азиз Суракматовдун айтымында, автобустар ушул жылдын март айында чыгарылган. Газ менен иштеп "Евро-5" экологиялык стандартына туура келген автобустардын ичине 80 жүргүнчү батат. 

Жаңы келген унааларды президент Сооронбай Жээнбеков өзү текшерип көрдү.