10.05.2020 15:07

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандыктар келди

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандыктар келди

Бүгүн, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамы келди. Бул туурасында республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда 177 кыргызстандык учуп келди.

COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.