23.03.2018 09:22

Бишкекке шахмат боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Анатолий Карпов келет

Бишкекке шахмат боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Анатолий Карпов келет

Бишкекке шахмат боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Россиялык  Анатолий Карпов келет.

КР Шахмат федерациясы билдиргендей, Карпов шахмат боюнча балдар арасында өтүп жаткан Президент кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышмакчы.  

Жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орун ээлерин сыйлоо 24 –мартта өтөт. 23-мартта мелдештин акыркы 7-туру болот.

Карпов буга чейин биздин өлкөгө 3 жолу келип кеткен. 2011-жылы Ысык-Көлдөгү эл аралык спартакиадага конок катары келсе, 2017-жылы 2 ирет Бишкекке келген.