29.03.2019 11:19

Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо кичи автобус оодарылып кетти

Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо кичи автобус оодарылып кетти

Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо кичи автобус оодарылып кетти. Бул туурасында Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 28-мартта болжол менен 16:00-16:30 чамасында Нарындан Бишкекке келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу Милянфан айылынын тушунан бурулам деп жатканда, аны артынан «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил унаа келип сүзүп алган.

Соккудан кичи автобус ыргып кетип, капталына оодарылып калган. «Ауди» үлгүсүндөгү унаада отурган 13 жаштагы кыз эти ооруксунуп калганы болбосо, башка жабыркагандар болгон эмес. 

Жол кырсыгынын себептери такталууда. Эки унаа тең айып короого токтотулду.