Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, 2 адам дайынсыз
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам жабыркап, 2 адам дайынсыз болууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
2018-жылдын 26-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен.
Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилген.
Ал эми 2 адам дайынсыз болууда. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын 26-июнь күнү саат 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: