19.06.2018 12:03

Бишкек-Ош жолунда унаа аласалып кетип, 6 адам жабыркады

Бишкек-Ош жолунда унаа аласалып кетип, 6 адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай, четке чыгып, унаа аласалып кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

17-июнь саат 16:50 лөр чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында мамлекеттик номери 04KG213ABJ болгон “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып аласалып кеткен. 

Жол кырсыгынын кесетинен 6 адам жабыр тартты. ӨКМдин куткаруучулары  келгиче, тез жардам кызматынын дарыгерлери жаракат алгандарды Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен.