31.01.2019 17:32

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыктан 3 адам жабыркап, 22 жаштагы кыз комага түштү

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыктан 3 адам жабыркап, 22 жаштагы кыз комага түштү

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыктан 3 адам жабыркап, 22 жаштагы кыз комага түшүп калды, деп билдирет Turmush агенттиги.

Маалыматта айтылгандай, жол кырсык 30-январда саат 16:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы 365-чакырымында катталган.

Анда Nissan primera үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 08 KG 389 ADP) унаанын айдоочусу П.М. рулду башкара албай, Бишкек-Ош багытында келе жаткан айдоочу Ж. Артурдун башкаруусундагы DAF XF95 430  (мамлекеттик номуру 04KG812PD) жүк ташуучу унаанын ортоңку сол дөңгөлөгүн сүзүп, жол четине чыгып токтогон.

Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу П.М. жана анда бара жаткан жүргүнчүлөр — 1997-жылы туулган З. кызы Аида жана Асылкан Ш. денесинен жараат алып, Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу хирургия бөлүмүнө жеткирилген. 

Учурда 22 жаштагы З.к.Аида жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Ага баш мээсинин жабырланышы, баш сөөгүнүн сынышы деген диагноз коюлган. Ал эми  Асылкан Ш. хирургия бөлүмүнө которулган.

Сүрөттөр Turmush сайтынан алынды.