27.04.2018 16:50

"Бишкек-Парк" соода борбору мурунку режиминде иштеп жатат, бомба табылган жок

"Бишкек-Парк" соода борбору мурунку режиминде иштеп жатат, бомба табылган жок

Соода-оюн-зоок борборуна жарылуучу зат коюлду деген маалымат төгүндөлдү. Бул туурасында МУККтан билдиришти.  

2018-жылдын 27-апрелинде түшкү саат 13:29да Бишкек шаарындагы “102” нөөмөт кызматына “Бишкек парк” соода-оюн-зоок борборуна жарылуучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн.

Жерине токтоосуз түрдө  милиция жана коопсуздук кызматкерлери келишип, соода-оюн-зоок борборунун имараты курчоого алынып, кардарлар жана кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган.

Имарат жана ага жанаша жайгашкан аймактар текшерилип, жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган жок. 

Учурда соода-оюн-зоок борбору мурунку калыбында иштеп, милиция кызматкерлери курчоодон алынды.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы телефон чалган адамды аныктап табуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда. ошондой эле бардык жарандарды сактыкка чакырып,  шектүү буюмдарды же заттарды байкап калса МУКК нөөмөт кызматынын 0(312) 660475, 0(312) 626504 же 102, телефон номурларына билдирип коюусун эскертет.

Эсиңиздерде болсун, терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу жосун жана Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасаган адамга карата айып төлөө, түзөтүү жумуштары түрүндө же үч жыл эркиндигинен ажыратуу боюнча жаза каралган.