09.12.2019 16:22

#БишкекСмог: калаадагы кара түтүнгө каршы акция өтөт

#БишкекСмог: калаадагы кара түтүнгө каршы акция өтөт

Ала-Тоо аянтында абанын булганышына каршы #БишкекСмог акциясы өтөт. Уюштуруучулар шаардыктарды беткапчан келүүгө чакырышууда.

«Үнсүз акциянын максаты- сүйлөй турганга эч нерсе жок болгондуктан эмес, абанын булганышына байланыштуу. Биз үчүн беткаптарыбыз сүйлөйт», — дешет уюштуруучулар.

«Беткаптарыңыздар менен келиңиздер, башкалар үчүн да беткап ала келиңиз, ага ар кандай сүрөттөр жана жазуулар түшүрүлөт», -дешет алар.

Иш-чара 12-декабрда саат 12де башталат.