24.05.2018 11:40

Бишкекте 26-майда алгачкы жолу Европалык кыштак иш-чарасы өтөт

Бишкекте 26-майда алгачкы жолу  Европалык кыштак иш-чарасы өтөт

26-майда Бишкек шаарында алгачкы жолу Европалык Кыштак аталышындагы  маданий-массалык иш-чара өтөт. Анын максаты- кыргызстандыктарды Европа Биримдигинин катышуучу өлкөлөрүнүн тарыхы жана салттары менен тааныштыруу.

Евробиримдиктин 11 катышуучу-мамлекети өзүнүн товарларын, сувенир жана басма продукциясын, маалыматтык материалдарды жана улуттук ашканасын тааныштырышат.  

Андан сырткары, Евробиримдиктин Кыргызстандагы долбоорлорунун көргөзмөсү, мектеп окуучуларынын сүрөттөрүнүн экспозициясы, балдар үчүн көңүл ачуучу программалар болот.

Жарманке менен чогуу Еврокыштактын аймагында  Евробиримдик өлкөлөрүнүн ыр-бийлерин камтыган иш-чаралар өтөт. Анда  Эстония, Словакия жана Кыргызстан ырчылары ыр ырдашат.   

Еврокыштакка  Австрия, Бельгия, Дания, Германия, Испания, Латвия, Словакия, Финляндия, Франция, Швеция жана  Эстония элчиликтери катышат.

Өтө турган жери: “Ала-Тоо” кинотеатры менен Курманжан Датканын эстелигинин ортосундагы аянтча. Иш-чара 26-майда 12.00дөн  20.00гө чейин жүрөт. Өлкө павильондору саат 17:00гө чейин иштешет, андан кийин саат 20:00гө чейин концерт болот.  Кирүү –акысыз.