15.05.2020 13:46

Бишкекте 27 жаштагы кыз 6-кабаттан секирип, жан берди

Бишкекте 27 жаштагы кыз 6-кабаттан секирип, жан берди

Борбор калаада 27 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан өзүн таштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя кечээ, 14-майда, болжол менен саат 16:00 чамасында Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Кыз башынан алган жаракаттарынан улам «Тез жардам» унаасы менен ооруканага бара жаткан жеринен үзүлгөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыз өзүнүн курбулары менен чогуу жашап келгенин тактаган. Кырсык болгон учурда курбулары башка бөлмөлөрдө уктап жатышкан.  Ал акыркы күндөрү тынчы жок болуп, эч кимге кошулбай, түнт тартып калганын айтышкан. Кыздын денесинен киши колдуу болгондой, же көгала тактар табылган эмес.