Бишкекте 5 адам базардан алынган тамактарга ууланып ооруканага жаткырылды, экөө -оор абалда

Бишкекте 5 адам базардан алынган тамактарга ууланып ооруканага жаткырылды, экөө -оор абалда

Бишкекте 5 адам ууланып, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылды. Бул туурасында ооруканадан Kaktus.media порталына билдиришти. 

«Акыркы күндөрү бизге бардыгы болуп, 7 адам кайрылды. Алардын экөө дарыланып бүтүп, үйлөрүнө чыгып кетишти. Учурда 5 адам - ооруканада. Үчөөнүн абалы - жакшыраак, бөлүмдө жатышат, ал эми экөө- жандандыруу бөлүмүндө. Бирин жасалма дем алдырып жатабыз, экинчиси өзү дем алганы менен абалы начар», -деп билдирген оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Анын айтымында, бейтаптар ар кандай тамактардан ууланышы мүмкүн. 

«Үчөө чогуу тоок эти менен салат жешиптир. Калгандары бизге өз-өзүнчө түшүштү жана тамакты да ар башка жешкен. Айтымдарында, алар базардан сатылып алынган тоок эти, салат, козу карын менен тамактанышкан», -деп билдирди башкы дарыгер.