24.05.2018 10:37

Бишкекте Айни көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Айни көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

24-майдан тартып, борбордогу Айни көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен  Псковский көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. 

Айни көчөсүндөгү ремонт иштери 23-мартта башталган.

Оңдоо иштерин жүргүзүү алкагында 1,4 чакырымга созулган тилкеде жол төшөмү алмаштырылып, жээктер коюлду. Жол төшөмү эки катмарлуу, үстүңкү катмары курамында шагылы көп жана полимердик кошулмалары бар беш компоненттен турат.

Мындай ыкма менен жасалган жолдор бышык келип, 5-10 жылга чейин кызмат өтөйт, деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.