03.04.2020 14:48

Бишкекте базарлардын жана супермаркеттердин жанында кошумча санитардык-карантиндик посттор пайда болот

Бишкекте базарлардын жана супермаркеттердин жанында кошумча санитардык-карантиндик посттор пайда болот

Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарынын кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб билдирет.

“Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюлат”, - деп комендатурадан билдиришти.

Ошол эле маалда өтө зарыл болгондо гана дарыканага жана азык-түлүк алып келгенге чыкканга болоорун жана паспорт, маршруттук баракчаларды алып жүрүүнү унутпоону эскертишкен.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 130 кишиге жетти. Алардын бирөө каза тапты. Бешөө сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.