09.09.2019 17:12

Бишкекте болгон жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алып кетти (видео, фото)

Бишкекте болгон жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алып кетти (видео, фото)

Бишкектин өкмөттүк жолунда жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Бишкек ШИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеңил унаа менен жүргүнчү ташыган автобус  кагышкан. Болжол менен саат 14:50 чамасында 17 жаштагы айдоочу «Шкода Октавиа» унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, каршы келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн.

Мекеменин маалыматына караганда, авариядан төрт адам каза тапты. Учурда алардын өздүгү такталууда.