17.04.2018 17:56

Бишкекте деталдык пландоо долбоору талкууланды

Дагы бир маанилүү башаламан курулуштарды ирээтке келтирчу документ кайра иштелип чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Кечээ шаардык бийлик Биринчи май райондук администрациясында Бишкектин деталдык пландоо долбоорун расмий коомдук талкууга чыгарган болчу. Документ 20 миллион сомго даярдалганына карабай, жарандык активисттердин көңүлүнө жаккан жок. Алар отурумда ызы-чуу көтөрүшүп, долбоор чийки түзүлгөнүн айтышты. Белгилей кетсек, шаарды ийне-жибине чейин пландоо вазыйпасы 2014-жылы шаар курууну долбоорлоо институтуна берилген эле. Эми алар айтылган сын-пикирлерди эске алып, документти кайра иштеп чыга турган болушту.