26.06.2018 14:26

Бишкекте эки көчө оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте эки көчө оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды

Эки көчө тилкеси оңдоп-түзөө иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу  Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Токтогул көчөсүнүн Гоголдон Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде тротуарлар, арыктар жана жол белгилери жасалып-түзөлүп бүттү. Көчө чыгыш тарапты көздөй 630 метрге узартылды.

Аламүдүн дарыясы аркылуу өтчү көпүрө даяр болоюн деп калды. Ал көпүрө Токтогул көчөсүн Мамбетов көчөсү менен бириктирип, ал аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берет. 

Ошондой эле, 7-апрель көчөсүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул жерде Чүй проспектиси менен Анкара (Горький) көчөсүнүн ортосунда  2 чакырым 200 метр аралыкта оңдоо иштери жүргөн.