10.04.2018 17:52

Бишкекте эки жаңы троллейбустук каттам ачылды

Бишкекте эки жаңы троллейбустук каттам ачылды

Борбор калаада эки жаңы троллейбустук каттам ачылды. Бул туурасында Бишкек троллейбус башкармалыгынан  билдиришти. Алар №2 жана №3 каттамдар.  №2 каттам боюнча  линияга 11 троллейбус чыгып,  Аламүдүн базары- эт комбинаты каттамында жүрөт. №3 каттам боюнча линияга 15 транспорт чыгып, алар Жал кичирайонунан –Жер иштетүү институтуна дейре барышат.

Ошондой эле, жолдордогу ремонт иштерине байланыштуу, №5, 9 жана 14 троллейбустук каттамдар убактылуу жабык. №7 жана 8-троллейбустук каттамдын  жүрүү схемасы бир аз өзгөртүлөт.