12.05.2020 12:36

Бишкекте гипермаркет кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бишкекте гипермаркет кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бишкектеги "Фрунзе" гипермаркетинин кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу  саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ал Бишкектеги Vefa соода борборунун "Фрунзе" гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жуктуруп алганын белгиледи.

«Өзүндө оорунун белгилерин байкап, медиктерге 6 жаран өзү кайрылган. Баарында Covid-19 диагнозу тастыкталып, тийиштүү дарылануудан өтүп жатышат. Алардын арасында борбор калаадагы гипермаркеттин кызматкери да бар, мында бардык санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле алардын байланышта болгон кесиптештери жана жакындары дагы медициналык текшерүүдөн өткөн», - деди Нурболот Үсөнбаев.

Коронавирус табылган кызматкер менен байланышта болгон гипермаркеттин башка кызматкерлеринин анализдери таза чыкканын белгиледи.

Учурда өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 1037 кишиге жетти. Алардын ичинен 709 адам айыгып, ооруканадан чыккан. 12 кыргызстандык көз жумган.