13.01.2020 09:05

Бишкекте кыз ала качкан жигит арадан бир ай өткөн соң кармалды

Бишкекте кыз ала качкан жигит арадан бир ай өткөн соң кармалды

Бишкекте кызды турмуш куруу максатында ала качкан 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу 13-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык милиция тараткан маалымат боюнча, 2019-жылдын 29-ноябрында Бишкектин Көк-Жар районундагы тигүү цехинен белгисиз адамдар кызды ала качып кеткени тууралуу милицияга арыз түшкөн.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен катталган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы шектүү катары 20 жаштагы жигитти кармап, ал шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына камалды.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.