15.04.2020 10:57

Бишкекте коменданттык саат кыскартылат

Бишкекте коменданттык саат кыскартылат

Бишкекте коменданттык саат кыскартылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурмунда комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, коменданттык саатты 2 саатка кыскартуу пландалууда, 21:00дөн 6:00гө чейин. Учурда коменданттык сааттын убактысы – 20:00дөн 7:00гө чейин.

Мурдараак ушул эле тартип Ош шаарында, Ош облусунда, Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда киргизилген.

Бүгүн, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и дарыгерлер. Бүгүнкү күндө коронавирус жугузуп, стационарда жаткан 366 жарандын ичинен 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда.

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 130
  • Ош ш. – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 82
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6.


Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.