Бишкекте коронавируска кабылган 53 жаштагы аял көз жумду

Бишкекте коронавируска кабылган 53 жаштагы аял көз жумду

Бүгүн, 22-апрелде COVID-19 вирусу бар аял каза тапты, ал 53 жашта болчу. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Ага чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар болчу.

Бул Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан сегизинчи учур.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 612 адамга жетти. Алардын ичинен 254 адам сакайып чыкты.