10.07.2018 11:36

Бишкекте Манас кең көчөсүнүн тилкеси 30-августка дейре жабылат

  Бишкек жолдорун оңдоо (3 материала)
Бишкекте Манас кең көчөсүнүн тилкеси 30-августка дейре жабылат

Калаада Манас кең көчөсүнүн тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, Манас кең көчөсүнүн Чүй менен Токтогулга чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштери убактысынан мурун бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Тилкеде жол төшөмү алмаштырылып, жаңы бордюрлар коюлду. Иш  «Бишкек шаарындагы автоунаа  жолдорунун жол төшөмүн калыбына келтирүү»  долбоорунун алкагында 20-июнда башталып, 2,5 жуманын ичинде аяктады. 

11-июлдан тартып, Манас проспектисинин Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат.  Бул тилкеде жол төшөмү жаңыртылып, жаңы бордюрлар коюлат. Иш 30-августка чейин жүрөөрү айтылат. Токтогул, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрү менен кесилиштер унаа  кыймылы үчүн ачык болот.

Эскерте кетсек, быйыл Манас жана Ч.Айтматов проспектиси Семетейден Жибек Жолуна чейин оңдоодон өтөт.