28.04.2020 09:00

Бишкекте мас айдоочу рулду башкара албай, банктын имаратын сүзүп токтоду (сүрөт, видео)

Бишкекте мас айдоочу рулду башкара албай, банктын имаратын сүзүп токтоду (сүрөт, видео)

Бишкекте женил автоунаанын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, “Оптима” банкынын имаратын сүзүп барып токтоду. Бул тууралуу күбөлөр “Апрель” редакциясына кабарлашты.

Белгилүү болгондой, авария күн мурун, 27-апрелде саат 22:40тар чамасында Юнусалиев көчөсүндө “Космопарк” соода борборунун жанында жүз берген.

Күбөлөрдүн айтымында айдоочу мас абалында болгон. Аны милиция кызматкерлери кармап кетишкен.