29.05.2019 12:18

Бишкекте мектеп окуучусу мушташтан көз жумду

Бишкекте мектеп окуучусу мушташтан көз жумду

Бишкекте 9-класстын окуучулары мушташып бирөө көз жумду. Окуя №48-мектептин айланасынан 28 май күнү саат 19.00 чамасында катталган. Мушташтан жарат алган 15 жаштагы өспүрүм түн ортосунда ооруканага түшкөн. Ал кечээ эртең менен өмүрү менен кош айтышты.