24.04.2019 10:49

Бишкекте мектептердеги акча чогултууга каршы митинг өттү

Бишкекте мектептердеги акча чогултууга каршы митинг өттү

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы лицейде билим алган окуучулардын айрым ата-энелери Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар мектептеги ай сайын чогултулган каражатка каршы. Жыйналган сумма миллиондогон сомго айланууда, аталган каражат саналуу адамдарды бактылуу кылып жатат деген ата-энелер, аймактагы агартуучулардын отставкасын талап кылып жатат.