13.06.2018 10:56

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы 2 көчө унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы 2 көчө унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте дагы бир нече көчө тилкеси оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына таянып, шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-июндан 15-июлга чейин  Үсөнбаев көчөсүнүн  Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки  бир чакырымды түзгөн бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Ал эми, 16-июндан 30-августка чейин Айни көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Токтоналиевге чейинки бөлүгү жабылат.

Аталган эки тилкеде тең  калыбына келтирүү иштери жүрүп, жол төшөмү жаңыртылып, жаңы жол жээктер коюлат.