Бишкекте поликлиниканын дарыгерлери коронавирус жугузуп алышты. Алардан анализ убагында алынган эмес

Бишкекте поликлиниканын дарыгерлери коронавирус жугузуп алышты. Алардан анализ убагында алынган эмес

Бишкекте Гүлнара Ташибекова жетектеген №17-үй-бүлөлүк медицина борбору жабылды. Төрт дарыгер коронавирус жугузуп алышкан. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги башкы дарыгерге таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мамсанэпидкөзөмөл борборунун 25 кызматкери коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылган. Ичинен төртөөнүн диагнозу илдет жугузуп алганын көрсөткөн. Мурдараак бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабарлган.

Башкы дарыгердин айтымында медицина кызматкерлери мамсанэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышта болушкан.

 «Төрт дарыгерди жугуштуу оорулар бейтапканасына, калгандарын обсервацияга жаткырып, поликлиниканы жабабыз», - дейт ал.

Ошол эле маалда башкы дарыгер медицина кызматкерлерине ПЦР-анализин дароо жүргүзүшпөй, экспресс-тесттен гана өткөрүп коюшканын белгиледи.

«Анализ алдырып, текшертиш үчүн бир аз чыр чыгарыш керек болду. Төртөөнүн анализи таза чыккан жок», - деп билдирет Гүлнара Ташибекова.

Поликлиникада 30дан ашуун кызматкер иштейт. Учурда алар менен байланышта болгондорду издешүүдө.

№17-үй-бүлөлүк медициналык борбордун башкы дарыгери белгилегендей, акыркы эки айдын ичинде дарыгерлер тикеден тик туруп иштешүүдө. Гүлнара Ташибекова ал жетектеген медицина борборунун кызматкерлери коргоочу кийимдер менен камсыздалганын билдирди. Ага карабастан, башка поликлиникаларда тиешелүү коргоочу каражаттар жетишсиз болуп жатканын дарыгерлер байма-бай айтып келишет.

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру аныкталды. СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Ичинде 116сы медицина кызматкерлери.

  • Стационарда – 370
  • Реанимацияда – 4
  • Ооруканадан чыгарылды – 114
  • Каза тапты – 5

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.