06.06.2018 14:28

Бишкекте Профессор Зима жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн тилкелери жабылат

Бишкекте Профессор Зима жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн тилкелери жабылат

Бишкекте дагы эки көчөнүн тилкелери жол кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиргендей, жолду оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Тоголок Молдо көчөсүнүн  Щербаковдон Саадаевге чейинки бөлүгү 7-июндан тартып, 15-июлга чейин жабылат.  Бул тилкеде асфальт төшөмү алмаштырылып, тротуарлар оңдолуп, бордюрлар алмаштырылып, жол белгилер орнотулат.

7-июндан 1-октябрга  чейин «Ак-Босого» конушундагы профессор Зима көчөсүнүн Бухарскаядан Архитекторская көчөсүнө чейинки тилкеси  жабылат.  Ал жакта арык тутумдары, тротуарлар калыбына келтирилип, асфальт төшөлүп, белгилер салынат.