17.02.2020 10:33

Бишкекте рулду башкара албай калган жаран унаасы менен чогуу темир жолго кулап түштү

Бишкекте рулду башкара албай калган жаран унаасы менен чогуу темир жолго кулап түштү

Бишкек шаарында автоунаа асма көпүрөдөн темир жолго кулап түштү. Бул тууралуу Патрулдук милиция кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык күн мурун, 16-февралда, саат 8:40 чамасында катталган.

Путепроводный көчөсүндө Toyota Ipsum маркасындагы машина асма көпүрөдөн тимер жолго кулап түшкөн.

Унааны 40 жаштагы Т.Э. аттуу айым башкарып баратып, ЖЭБге жакын жерде рулду башкара албай, мосттон чыгып кеткен.

Кесепетинде төшүнөн жаракат алып, ооруканага жеткирилген.