01.05.2020 11:51

Бишкекте санитардык посттор алынды

Бишкекте санитардык посттор алынды

Борбор калаада “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түндө шаар ичиндеги санитардык постторду алышты. Ошондой эле жолдогу тосмолор жана милиция кызматкерлери  үчүн ортонулган чатырлар алынды. Шаар ичинде эркин жүрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүнтөн тартып Бишкекте өзгөчө абалдын жеңилдетилген режими күчүнө кирди. Ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө жумушка чыгууга уруксаат берилген, анын ичинде курулуш, жүргүнчүлөрдү ташууга такси кызматы жана чач тарачтар ишин улантат.

Калаада өзгөчө абал 10-майга чейин күчүндө болот. Өзгөчө абал мөөнөтүн узартуу боюнча президенттин жарлыгын кече Жогорку Кеңеш бекитти. 11-майдан тартып коомдук транспорт иштеп баштайт.