08.05.2018 12:07

Бишкекте Сүйөркүлов көчөсүндө жайгашкан "Каухар" бизнес-борбору өрттөнүүдө

Бишкекте Сүйөркүлов көчөсүндө жайгашкан "Каухар"  бизнес-борбору өрттөнүүдө

Бишкекте бүгүн Сүйөркулов көчөсү №5 дарек боюнча жайгашкан "Каухар" бизнес борборунун имаратынан  өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Өрттү өчүрүүгө саат 11:33тө Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм жана авто шаты, саат 11:50дө Свердлов райондук №7 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Учурда жалын менен  жалпысынан 3 бөлүмдүн өрт өчүрүүчүлөрү күрөшүп жатат. 

Мындан тышкары жерине коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартылды.