15.03.2019 15:41

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип каза тапты

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип каза тапты

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип каза тапты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

36 жаштагы Үсөн Жусубалиев Казармандан Бишкекке көчүп келип, жубайы Г. Пратова экөө «Тазалык» ишканасында эмгектенип жүрүшкөн. Кечээ, 14-мартта саат 20:00дө ал Профсоюзная көчөсүнө жумушка чыккан. Унаа коюп кеткенде, алган жараттарынан улам жеринде каза тапкан.

«Тазалыктын» 36 жаштагы жумушчусу Үсөн Жусубалиев унаа сүзүп кетип каза тапты. Ал Казарман айылынан болчу, үй-бүлөсү менен Тынчтык конушунда жашап турган, келинчеги Г. Пратова дагы «Тазалыкта»

«Ал иштеп жаткан тилке толук жарыктандырылган эле. Маркумдун үстүндө жарыкты чагылдыруучу атайын кийим бар болчу. Алдын-ала маалыматка караганда, автоунаа катуу ылдамдыкта келатыптыр, анткени, кызматкерибиз соккудан 20 метр алыстыккка учуп кеткен экен», -деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматынын билдиришинче, кырсыкка күнөөлүү адам кармалды. Учурда ЖКККББ тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.  Ишкана каза тапкан кызматкердин үй-бүлөсүнө көңүл айтуу менен материалдык жардам көрсөтүүнү убадалайт. Ошондой эле, унаа ээлерин абайлап айдоого чакырат. 

«Урматтуу айдоочулар, мэриянын кызматкерлери күнү-түнү дебей иштешет. Алардын үстүндө жарык чагылдыруучу кийим болгонуна карабай, мынтип коюп кетип жатышат. Биздин шаарды көрктөндүрүү менен алпурушуп жүргөн «көрүнбөс адамдарды» байкап айдасаңыздар», -дешет мекемеден.

April.kg редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу менен унаа ээлерин жолдо жүрүү эрежелерин сактоого  чакырат.