11.06.2018 17:42

Бишкекте Тыныстанов көчөсүнүн оңдолгон тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Тыныстанов көчөсүнүн оңдолгон тилкеси унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Тыныстанов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында шаардык мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен  Жумабекке чейинки бөлүгү бир ай бою оңдоп-түзөөдөн өтүп, жол төшөмү алмаштырылып, бордюрлар коюлуп, арыктар жаңыланып, тротураларга таманташ (брусчатка - ред.) төшөлүп, жол белгилер салынган.

Жалпысынан Тыныстанов көчөсүн оңдоо Түгөлбай Ата (Линейная) көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жүрдү.