16.05.2018 13:41

Бишкекте төрт жаңы мектеп курулууда

Эми жаңы конуштагы мектеп окуучулары мурдагыдай бир партаны төрт окуучу менен бөлбөй, кенен класстарда билим алып калат. Конуштардагы мектептерди көбөйтүу максатында шаардык бюджеттен жарым миллард сомдон ашуун каражат билим берүү тармагына бөлүнгөн. Быйыл дароо 4 орто билим берүүчү окуу-жай колдонууга берилет. Бишкек мэри Албек Ибраимов социалдык объектилерди кыдырып, курулуштун жүрүшу менен таанышып чыкты.