26.09.2018 08:30

Бишкекте жана Орто-Сай айылында газ берүү үзгүлтүккө учурайт

Бишкекте жана Орто-Сай айылында газ берүү үзгүлтүккө учурайт

Алдыдагы күндөрү Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, төмөнкү райондордо газ болбойт:

- 26-сентябрда Курманжан Датка №320-368, Т.Айтматов №251-303;

- 26-27-сентябрда Республиканская №25-75;

- 26-27-сентябрда Ж.Гвардия бул. 175, 177; Ж.Гвардия бул., Баялинов, Жамбыл, Урицкий көчөлөрүндө.

- 27-28-сентябрда Орто-Сай айылынын Иманалиев көч. №9-71.

Бул өчүрүүлөр оңдоо жана калыбына келтирүү иштери менен байланыштуу экени айтылат.